00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тоң: тургундар айылга кирген карышкырларды түнү бою унаа менен кууп чыгууда

© Фото / Эдиль МелисбековНападение волка на животных в селе Калкагар Тонского района
Нападение волка на животных в селе Калкагар Тонского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Февралдын башында Тоң районунун Калкагар айылынын тургуну Шаршенбек Абакиров менен уулу Кадыржан короосуна кирген карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн. Кийин ал кутурган жырткыч экени аныкталды. Азыр карышкыр тийген малдын бир тобу өрттөлүп жок кылынды. Жырткыч башка сарайларга да кол салгандыктан, бир канча үй-бүлө жарым-жартылай малынан ажыраганы турат.

Бир ай мурда Тоң районун ата-бала короосуна кирип келген карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн. Жырткыч менен кармашта жаракат алган Кадыржан Шаршенбек уулу Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырыган. 

Карышкырлар дагы деле айылга түшүп, короолорго чейин кирип келүүдө. Кеч кирээри менен айыл эли жырткычтын бар-жогун бири-биринен телефон аркылуу билип, болгон учурда унаа менен айылдын сыртына кууп чыгып жатышканын айыл тургуну Шаршенбек Абакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

© Фото / Эдиль МелисбековКалкагар айылынын тургуну Шаршенбек Абакиров
Житель села Калкагар Шаршенбек Абакиров - Sputnik Кыргызстан
Калкагар айылынын тургуну Шаршенбек Абакиров

—Каракол шаарындагы экспертизанын жыйынтыгы чыккыча карышкыр тийген малдын этин жегендер болгон жокпу?
—Жок, таң атаары менен эле ветеринарлар келип, "карышкыр тийген малдын этин жебегиле, жырткыч кутурган болушу мүмкүн" деп эскертүү беришкен.

— Кечээ айылда бир нече мал өрттөлгөн турбайбы?
— Жергиликтүү бийлик карышкыр тийген малдын баарын жок кылабыз деп бир тобун өрттөштү. Дагы бир нечесин карантинге алып койду. Эми айылдыктар жакшынакай турган малыбыздан ажырайбызбы деп санаа тартып турат. Мисалы, менин карантинде турган жылкымды банктан насыя алып, сатып алган элем. Эми аны өрттөп салышса кредитти кантип төлөйм? Кошунамдын малын карышкыр толугу менен кырып кетип, "кара короо" болуп калды. Алар да ыйлап отурат. Өкмөт жардам берип койсо жакшы болот эле. Азыр абалыбызды сураган киши жок, айылдыктар өзүбүз менен өзүбүз болуп жатабыз.

© Фото / Жоомарт Алтынбек уулуФевралдын башында Тоң районунун Калкагар айылынын тургуну Шаршенбек Абакиров менен уулу Кадыржан короосуна кирген карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн
Февралдын башында Тоң районунун Калкагар айылынын тургуну Шаршенбек Абакиров менен уулу Кадыржан короосуна кирген карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн - Sputnik Кыргызстан
1/4
Февралдын башында Тоң районунун Калкагар айылынын тургуну Шаршенбек Абакиров менен уулу Кадыржан короосуна кирген карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн
© Фото / Эдиль МелисбековКийин ал кутурган жырткыч экени аныкталды
Кийин ал кутурган жырткыч экени аныкталды - Sputnik Кыргызстан
2/4
Кийин ал кутурган жырткыч экени аныкталды
© Фото / Эдиль МелисбековАзыр карышкыр тийген малдын бир тобу өрттөлүп жок кылынды
Азыр карышкыр тийген малдын бир тобу өрттөлүп жок кылынды - Sputnik Кыргызстан
3/4
Азыр карышкыр тийген малдын бир тобу өрттөлүп жок кылынды
© Фото / Эдиль МелисбековЖырткыч башка сарайларга да кол салгандыктан, бир канча үй-бүлө жарым-жартылай малынан ажыраганы турат.
Жырткыч башка сарайларга да кол салгандыктан, бир канча үй-бүлө жарым-жартылай малынан ажыраганы турат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жырткыч башка сарайларга да кол салгандыктан, бир канча үй-бүлө жарым-жартылай малынан ажыраганы турат.
1/4
Февралдын башында Тоң районунун Калкагар айылынын тургуну Шаршенбек Абакиров менен уулу Кадыржан короосуна кирген карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн
2/4
Кийин ал кутурган жырткыч экени аныкталды
3/4
Азыр карышкыр тийген малдын бир тобу өрттөлүп жок кылынды
4/4
Жырткыч башка сарайларга да кол салгандыктан, бир канча үй-бүлө жарым-жартылай малынан ажыраганы турат.

— Карышкырлар дагы деле айылга түшүп атабы?
— Ооба, кечээ кечинде эле айылга түшкөн экен, телефон менен байланышып чогулуп, машина менен айылдын сыртына чейин кууп чыктык. Азыр негизи эле айылдаштардын коркуп турган кези. Дааратканага барсак дагы айры, күрөк көтөрүп барып жатабыз.

Карышкыр менен кармашкан Кадыржан Шаршенбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кадыржан Шаршенбек уулу: атам чыкпаганда дөбөт карышкыр мени жарып кетмек
Бир нече сааттын ичинде "кара короо" калып, насыяга алган малдан ажыроо — албетте чөң көйгөй. Тургундардын коопсуздугу боюнча сөз кылбай эле коелу. Бул жайдай боюнча жергиликтүү бийликтин аракетин билүү үчүн Тоң районунун акиминин орун басары Тимур Алымбековго кайрылдык.

"Кутурма өтө корнукучтуу илдет экенин билебиз. Ошол себептен, кутурган жырткыч тишин, тырмагын тийгизген бардык малды жок кылууга туура келип атат. Муну элге түшүндүрдүк. Ал эми насыяга алынган мал боюнча кредит берген банктар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Алар карызды кечип же кыскартып бербей турганын айтышты. Болгону төлөө мөөнөтүн узартып беришет экен. Ошондуктан банкка карыз болгон тургундар айыл өкмөтүнө кат менен кайрылсын деп атабыз. Жашоочулар арасында мамлекеттен компенсация күткөндөр бар. Мыйзамда мамлекет мындай учурда жоготуунун ордун толтуруп берет деп жазылган эмес", — деди Алымбеков.

Акимдин орун басары курал алып жүрүүгө уруксаты бар жергиликтүү тургундарга карышкырларды атуу үчүн ок-дарылар таратылып берилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0