БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туунун 25 жылдыгына арналган "Желбирей бер, эркиндиктин желеги" аттуу майрамдык иш-чара өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана жаш активисттер катышты.
![Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туунун 25 жылдыгына арналган Желбирей бер, эркиндиктин желеги аттуу майрамдык иш-чара өттү. Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туунун 25 жылдыгына арналган Желбирей бер, эркиндиктин желеги аттуу майрамдык иш-чара өттү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103204/65/1032046506_0:37:960:640_600x0_80_0_0_2a39619a167c341e758f3d2d2f4c93fb.jpg)
![Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана жаш активисттер катышты. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана жаш активисттер катышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103204/65/1032046513_0:37:960:640_600x0_80_0_0_3a4e2177b2296c49d5e6a18d5d6b6e28.jpg)
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш активисттер тарабынан даярдалган концерттик программа коюлуп, анда сергек жашоого үндөө менен велосипедчендер өлкөнүн желегин кармап өтүп, кыргыздын кырк чоросу тууну желпип өлкөнүн эркиндигин даңазалашты. Ошондой эле флешмоб уюштурулуп, жаштар Кыргызстандын картасын көрсөтө тизилишти.
![Празднование 25-летия государственного флага в мэрии Бишкека Празднование 25-летия государственного флага в мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103204/41/1032044187_0:0:1280:854_600x0_80_0_0_07dd91de0932b9efd0af3e853b2b3515.jpg)
Ушундай эле Бишкек шаарында да өтүп, калаа башчысы Албек Ибраимов, шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, вице-мэрлер, мэриянын кызматкерлери катышты.
![День Национального флага в Нарыне День Национального флага в Нарыне - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103204/65/1032046520_0:0:1600:1155_600x0_80_0_0_5dfa3fc53b34ad0ce6c7610fc4981ae1.jpg)
Ошондой эле Нарын шаарынын борбордук аянтында дагы мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чара уюштурулду. Ак калпак кийип, туу көтөргөн окуучулар, студенттер жөө жүрүш жасашты. Андан кийин жаштар ордосунда салтанаттуу жыйын өтүп, ага шаар тургундары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
![День Национального флага в Джалал-Абаде День Национального флага в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103204/58/1032045870_0:0:960:644_600x0_80_0_0_9787f39cbf2bd7d40d3c773593cd7da0.jpg)
Андан сырткары Жалал-Абад шаарынын борбордук мамлекеттик туу күнүнө жана 5-март ак калпак майрамына карата жөө жүрүш болду.
Майрамдык салтанат учурунда, 5000ге чукул кишинин катышуусунда, гимн ырдалып мамлекеттик туу көтөрүлдү.
![Установка флагштока в городе Баткен Установка флагштока в городе Баткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103203/95/1032039543_0:0:1280:768_600x0_80_0_0_8a09d02e119cda749020c3a35a83101b.jpg)
Ушундай эле майрамдык иш чара Баткен шаарында өттү.
Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент 1992-жылы 3-мартта кабыл алган. Быйыл ага 25 жыл толду.