БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясында "Үмүт шооласы" аттуу жаңы толук метраждуу тасма өндүрүшкө чыкканын аталган студиянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, тасмага КР эл артисти Марат Сарулу режиссерлук кылууда. Ал эми сценарийин Марат Сарулу менен Эмил Жумабаев жазган.
"Үмүт шооласы" — бүгүнкү күндөгү дүйнө тааным менен адамдын жан дүйнөсүнүн татаал байланышын чагылдырган тасма. Адамгерчилик сапат менен үмүттүн бүлбүл жанган шооласы гана жашоонун өйдө-ылдыйын жеңүүгө, кыйын күндөргө туруштук берүүгө жардам берери тасманын негизин түзөт.