Ош, 7-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанатта калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев энелерге 1000ге жакын элечек, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берди.
Шаар мэри бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аялзат үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.
"Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм", — деди калаа башчысы.
![Ош шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанатта калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев энелерге 1000ге жакын элечек, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берди Ош шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанатта калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев энелерге 1000ге жакын элечек, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103210/51/1032105160_0:0:3957:2486_600x0_80_0_0_044fc7dc6f2da914fb35983f18b23551.jpg)
![Салтанат Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өттү Салтанат Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103210/51/1032105136_0:109:3878:2548_600x0_80_0_0_230a25b64156f7db5723308d07357681.jpg)
![Иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты Иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103210/51/1032105166_0:27:719:480_600x0_80_0_0_055c5c362fec72e380967f8f1f00a78d.jpg)
![Шаар мэри бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аялзат үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи Шаар мэри бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аялзат үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103210/51/1032105153_0:143:3787:2524_600x0_80_0_0_f3037f664217697450a930c5effe9155.jpg)
![Майрамдык салтанатта Кадырбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече аялдарга мэриянын Ардак грамоталары менен баалуу белектерин тапшырды. Майрамдык салтанатта Кадырбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече аялдарга мэриянын Ардак грамоталары менен баалуу белектерин тапшырды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103210/51/1032105142_0:8:3811:2404_600x0_80_0_0_9d0c7bc45c1ae188e6a03f915c220faa.jpg)
Майрамдык салтанатта Кадырбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече аялдарга мэриянын Ардак грамоталары менен баалуу белектерин тапшырды.
Чет өлкөдө Кыргызстандын, шаардын намысын коргогон мыкты спортчулардын, студенттердин, окуучулардын жана шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон инсандардын апаларына "Үлгүлүү эне" наамдары ыйгарылды.