БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Афганистанда полициянын эки кызматкери сегиз кесиптешин атып салды. Бул туурасында РИА Новости Khaama Press агенттигине шилтеме кылып кабарлады.
Ок Афганистандын түштүк-чыгыш аймагында жаңырган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, кандуу окуя Забуль провинциясындагы көзөмөл өткөрүү жайында болгон. Аймактын губернатору кол салгандар өзү менен кошо бир нече куралдарды алып, из жашырганга үлгүргөн.
Агенттик мындай окуялар аталган өлкөдө тартип сактоочулар согушкерлер менен ымалашып кеткенде болуп турарын жазды.