БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ош— Бишкек жана Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолундагы мыйзамсыз объектилер алынууда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолундагы Мады айылында 12, Шарк айылында 56 дүкөн, ашканаларды алуу боюнча ишкерлерге эскертүү берилген. Учурда 18 объект ишин токтотту.
Андан сырткары, Ош — Бишкек жолундагы Өзгөн районунда үч май куюучу жайдын жарнама такталары, үч ашкананын тосмолору алынып, беш объект боюнча иш сотко жиберилди. Ал эми Алай районунда мыйзам бузуу фактылары жокко эсе болгон.