БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Американын коомчулукту таң калтырган метеорологиялык обсерваториянын кызматкерлеринин видеосу интернетте талкуу жаратты. Бул тууралуу РИА Новости мекеменин Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасына шилтеме жасап билдирди.
Маалыматка ылайык, видеоролик шамалдын ылдамдыгы секундасына 44 метрге жеткен Нью-Гемпшир штатындагы Вашингтон тоосунун чокусундагы обсерваторияда тартылып алынган. Анда кызматкер шамалдын ылдамдыгын ченеген желекти тиешелүү жерге орното албай, этек-жеңди жулкулдаткан каршылыкка туш болгонун көрүүгө болот.
Аталган видеону бир сутканын ичинде жүз миңдеген адам көрүп, миңдеген пикирлер жазылган.