БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Эл арасына кеңири тараган WhatsApp кошумча киреше издөө үчүн жаңы функцияны сынап жатат деп жазды Reuters агенттиги.
Маалыматтарга караганда, жаңы система бизнес өкүлдөрүнө мессенжердин колдонуучулары менен түз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Коммерциялык тараптар менен акы төлөгөн келишимден кийин кошумча мүмкүнчүлүктөр кардарлар менен иштөөнү жеңилдетет.
Тиркемени иштеп чыккандар колдонуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, алар WhatsApp менен компаниялардын өз ара иштешүүсүнө жана спамдар келе берип тажатпагандыгына кызыккан.
Тестирлөөгө катышкан стартаптардын негиздөөчүлөрү журналисттерге комментарий берүүдө баш тарткан, бирок ири компаниялардын кызыгуусу жаралгандыгын четке каккан эмес. Жаңы опция акыркы үч жыл ичиндеги акча төлөп колдонула турган биринчи долбоор. WhatsApp пайда болгондон бери Facebook бир дагы бизнес-моделди иштеп чыга элек.