БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун трассасындагы Раппопорт аллеясын туристтер менен жергиликтүү элдин эс алуучу жайына айлантуу пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
![Ысык-Көл облусунун трассасындагы Раппопорт аллеясын туристтер менен жергиликтүү элдин эс алуучу жайына айлантуу пландалып жатат Ысык-Көл облусунун трассасындагы Раппопорт аллеясын туристтер менен жергиликтүү элдин эс алуучу жайына айлантуу пландалып жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103220/63/1032206305_0:109:1000:738_600x0_80_0_0_9312ef4ac70d0ef386a8185493cc4fee.jpg)
![Бүгүн өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Асхат Акибаев жыйын өткөрүп, ага архитекторлор менен бирге токой чарба башчылары катышкан Бүгүн өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Асхат Акибаев жыйын өткөрүп, ага архитекторлор менен бирге токой чарба башчылары катышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103220/62/1032206283_0:0:999:628_600x0_80_0_0_02c36993b525f4200ba22c1c636754de.jpg)
![Леонид Раппопорт атындагы аллеясы Чолпон-Атадан башталып Бактуу-Долоноту айылына чейин созулат Леонид Раппопорт атындагы аллеясы Чолпон-Атадан башталып Бактуу-Долоноту айылына чейин созулат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103220/68/1032206827_0:41:1019:681_600x0_80_0_0_bc5751d91d5f17c3d97fd7ec45ddccf0.jpg)
![Бул жерди калыбына келтирүү маселеси март айынын башынан тарта көтөрүлө баштаган Бул жерди калыбына келтирүү маселеси март айынын башынан тарта көтөрүлө баштаган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103220/62/1032206289_0:18:1000:647_600x0_80_0_0_4f9c0e81d1d70041ae2c7e3b44abbaa7.jpg)
![Бүгүн жыйын учурунда архитекторлор келечектеги аллеянын эки варианттагы эскиздерин сунуштап, облустагы өкүл Асхат Акибаев менен макулдашышты Бүгүн жыйын учурунда архитекторлор келечектеги аллеянын эки варианттагы эскиздерин сунуштап, облустагы өкүл Асхат Акибаев менен макулдашышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103220/62/1032206273_0:0:1001:667_600x0_80_0_0_5269691d238975fec6b9432e099f710e.jpg)
![Адистер комплекстин аймагында тротуарлар менен велосипед жүрүүчү жолдор салынарын, жолдун боюна дарактардын бир нече түрлөрү отургузуларын айтышты. Аллеянын узундугу 1400 метрге жетет. Адистер комплекстин аймагында тротуарлар менен велосипед жүрүүчү жолдор салынарын, жолдун боюна дарактардын бир нече түрлөрү отургузуларын айтышты. Аллеянын узундугу 1400 метрге жетет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103220/63/1032206312_0:110:1000:740_600x0_80_0_0_430dc61765b9f3d542dfd4375a533cf0.jpg)
Бүгүн өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Асхат Акибаев жыйын өткөрүп, ага архитекторлор менен бирге токой чарба башчылары катышкан.
Бүгүн жыйын учурунда архитекторлор келечектеги аллеянын эки варианттагы эскиздерин сунуштап, облустагы өкүл Асхат Акибаев менен макулдашышты.
Адистер комплекстин аймагында тротуарлар менен велосипед жүрүүчү жолдор салынарын, жолдун боюна дарактардын бир нече түрлөрү отургузуларын айтышты. Аллеянын узундугу 1400 метрге жетет.
"Бул аллея жалпы элдин эле эмес, чет жактан келген туристтердин да эс алуучу жайына айланып, ири иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылышы керек", — деди Акибаев.
Ал 24-мартка чейин долбоордун акыркы вариантын иштеп чыгууну тапшырды. Токой чарбасынын жетекчилери көчөттөрдүн бир бөлүгүн бекер берүүгө макул болушту.
Эскерте кетсек, былтыр июнь айында аталган аллеяда бактар кыйыла баштаган. Тамчы — Корумду унаа жолунун реконструкцияланышынан улам кулайын деп калган теректер менен кара жыгачтар кыйылган.