БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы парктын 80 пайызы реконструкцияланып бүтүп калды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө жазылгандай жасалып жаткан иштин негизги максаты — шаар тургундарынын эс алуусуна бардык тийиштүү шарттарды түзүп берүү.
![Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы парктын 80 пайызы реконструкцияланып бүтүп калды. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы парктын 80 пайызы реконструкцияланып бүтүп калды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103224/02/1032240211_0:125:3261:2175_600x0_80_0_0_f1acc79ef08ead76be609ef8267daf98.jpg)
![Билдирүүдө жазылгандай жасалып жаткан иштин негизги максаты — шаар тургундарынын эс алуусуна бардык тийиштүү шарттарды түзүп берүү. Билдирүүдө жазылгандай жасалып жаткан иштин негизги максаты — шаар тургундарынын эс алуусуна бардык тийиштүү шарттарды түзүп берүү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103224/02/1032240293_0:86:3209:2104_600x0_80_0_0_0b02b618c185d7335d49bb38fff445f3.jpg)
"Белгилүү болгондой бул парк көп жылдан бери каралбай келген. Ал толук түрдө реконструкциялоого муктаж болгондуктан, мэрия тарабынан 6 миллион сом бөлүнсө, Жашыл чарба жана көрктөндүрүү комбинаты 2 миллион сом бөлгөн. Мындан сырткары, парктын абалын жакшыртууга Youth of Osh коомдук уюму 900 миң сом акча берген. Бул жакка балдар, жаштар жана чоңдор үчүн аянтчалар орнотулат", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Ош шаарында буга чейин алты сейил багы толук реконструкциядан өткөн.