Самарбек Болотбеков: ишембиликке миңден ашык шаар тургундары катышат
Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, коомдук уюмдар жана студенттер катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди.
Анын айтымында, коомдук ишке миңден ашык шаар тургундары тартылат.
"Биздин демилгени 400 студент колдоду. Ошондой эле сот, прокуратура өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышат. Мындан тышкары, ырчылар, коомдук уюмдар, ишкерлерге айтылган. Жалпы миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө", — деди Болотбеков.
"Бишкек биздин таза шаар" урааны менен өткөрүлө турган иш-чарада таштанды чогултуу, арык тазалоо, дарактарды кыйыштыруу жана канаттууларга уя салуу иштери жасалат.