Эми эки-үч жылдан кийин Кыргызстанда кулагына "сөйкө" тагынбаган уйлар дээрлик жок калат. Бул биркаларда мал тууралуу бардык маалымат камтылган. Ал эми өлкөдөгү мал-жандыктын эсебин алуу үчүн ПРООН Россиянын колдоосу менен 464 миң доллар сарптаган. Санакка жада калса аарылар да кирди.
![Координатор проекта ПРООН Миргуль Аманалиева Координатор проекта ПРООН Миргуль Аманалиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103227/22/1032272239_0:0:3476:5094_600x0_80_0_0_dafa8406a06f788a9c8e8ef3bcdd91ff.jpg)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева ПРООН долбоорунун координатору Миргүл Аманалиева менен маектешти.
— Бул суроо баарыбыздын эле башыбызда бар болуш керек: ушунча акчаны чын эле ушундай нерселерге жумшоо зарылбы?
— Фермерлер кандай кабыл алышты?
— 135 тренинг өткөрүп, өлкө боюнча үч миң кишини окуттук. Фермерлердин көбү, айрыкча кайра иштетүү тармагындагылар колдоп беришти. Анткени, бул система чет элдик рынокко жол ачып жатат.
— Мунун баары бекер эмес да, ээ? Баасы кандай?
— Эмнеге?
— Ээлери уруксат бербейт, анткени жылкынын териси назик болуп, бирка айрып салышы мүмкүн. Мага ветеринарлар ушундай деп түшүндүрүп беришти. Эми үй канаттуулары менен аарылардын эсебин алалы деп турабыз.
— Биркалар мал уурулукка бөгөт коет деген сөз бар. Чынбы?
— Биркаларды алып салууга болбойт. Анүчүн уйдун кулагын кесип эле алыш керек. Бул, албетте, шек жаратат. Демек, мындай аракет кылмыштуулуктун да жолун бууйт десек болот.
Материал орус тилинен которулду.