Алманбет Абдраманов: Ноокаттагы үлүш жерлер чет элдиктерге сатылган эмес
Анын айтымына караганда, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын 142 жашоочусуна алты сотыхтан жер бөлүнүп берилген.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында үлүш жер кыргыз жарандарына гана берилгендиги аныкталды", — деп кабарлады Абдраманов.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 9-январында Жаңы-Ноокат айылынын бир катар тургундары жер тилкелери чет элдик жарандарга сатылып кеткендигин айтып маалымат жыйын өткөрүшкөн.