БИШКЕК, 19-Мар. — Sputnik. Дүйнө жүзүндөгү өтө толук аял деп эсептелген, Египет шаарынын 500 килограммдык жашоочусу Иман Ахмад Абдулати беш жума Индияда дарылангандан кийин 140 килограмм салмак таштаган. Бул туурасында РИА Новости PTI агенттигине шилтеме кылуу менен жазып чыкты.
"Имандын учурдагы салмагы 358 килограмм болуп калды", — деп билдирген Мумбайдагы Saifee Hospital клиникасы.
JUST IN:Eman Ahmed,after her first laparoscopic sleeve gastrectomy surgery,looks much thinner and is able to sit. Picture courtesy: @DrMuffi pic.twitter.com/2OoxXKcyyz
— Tabassum (@tabassum_b) 9 марта 2017 г.
Египеттик аял азыркы тапта атайын диетада, ал ар бир эки саат сайын түтүкчө менен туздалган белок коктейли, соя кошулган сүт ичип жатат. Иман операциядан кийин тамак жута албай, кыйналгандыктан түтүкчөнүн жардамы менен азыктанууда.