БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстандын кайсы дубанында балдар көп төрөлгөнүн Улуттук статистикалык комитет аныктап чыкты.
Кыргызстандын көп балалуу региондору
![Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104712/78/1047127832_0:0:800:772_600x0_80_0_0_7d79f196bbc81b27bce09bbac370efab.png)
Кыргызстандын көп балалуу региондору
Маалыматка ылайык, көп балалуу аймактын алдыңкы катарында Ош облусу турат. 2016-жылы бул жерде ар бир төртүнчү кыргызстандык жарык дүйнөгө келген. Ош балдардын калк санына жараша төрөлүшү боюнча да биринчи орунда турат: миң кишиге 24 наристе туура келет.
Кыргызстанда канча ымыркай төрөлгөн
![Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104712/75/1047127571_0:0:800:908_600x0_80_0_0_69746e37f3f21c1a96b6bb5064db3126.png)
Кыргызстанда канча ымыркай төрөлгөн
Экинчи орунда — Баткен облусу: ар бир миң кишиге 23,7 ымыркай туура келип, былтыр бул аймакта 11800 бала жарыкка келген.
Үчүнчү болуп Жалал-Абад облусу турат. Былтыр бул дубанда 24 миң наристе төрөлүп, миң кишиге 21 ымыркай туура келери аныкталган.
Балдар эң аз төрөлгөн аймак деп Чүй облусу аталды — миң кишиге 18,4 наристе туура келет.
Жалпы жонунан былтыр Кыргызстанда 124 685 ымыркай төрөлгөн. Ал эми мурдагы жылы бул көрсөткүч 4 миңге (128 644) көбүрөөк болчу.