БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын күнүнө жана Жеңиш майрамына карата "Ала-Тоо" аянты, Чүй проспектиси жана мэриянын алдындагы фонтан кооздолгондугун муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бишкекжарык" ишканасы борбордук аянттагы бардык чакан архитектуралык формалардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен укмуштуудай жарык берүү композициясын иштеп чыкты.
![Алдыдагы майрамдарга карата Бишкекжарык ишканасы шаардын борборун кооздоду Алдыдагы майрамдарга карата Бишкекжарык ишканасы шаардын борборун кооздоду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103250/85/1032508504_0:49:1280:854_600x0_80_0_0_d4154116a46b648380f159e558107eee.jpg)
![Кооздоодо борбордук аянттагы бардык чакан архитектуралык формалардын өзгөчөлүгү эске алынды Кооздоодо борбордук аянттагы бардык чакан архитектуралык формалардын өзгөчөлүгү эске алынды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103250/85/1032508510_0:46:1279:851_600x0_80_0_0_98f3befeb9574dc72b07ccbe925e2e8a.jpg)
![Чакан фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду Чакан фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103250/85/1032508535_0:49:1279:854_600x0_80_0_0_47814c3fade9a93fdb637e11f4c2c1e5.jpg)
![Чакан фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду Чакан фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103250/85/1032508542_0:49:1279:854_600x0_80_0_0_d21283e9a0c91e6d6dae3a5f92d5f8c7.jpg)
![Чүй проспектиси түркүн-түстүү жарык берүүчү кажараттар менен кооздолду Чүй проспектиси түркүн-түстүү жарык берүүчү кажараттар менен кооздолду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103250/85/1032508548_0:0:1279:804_600x0_80_0_0_64f1ff84681c3f2d1a1ec958b819f9c2.jpg)
![Жарык менен кайталангыс композиция жаратуучу дюралайтка оронгон фонтан Жарык менен кайталангыс композиция жаратуучу дюралайтка оронгон фонтан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103250/85/1032508558_0:49:1279:854_600x0_80_0_0_c154d86aae5747dee403bafd5359364e.jpg)
Аянттын дал ортосунда гүл талаасы жайгашты, анын тегерегиндеги кичи фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду.
"Ошондой эле аянтка арча отургузулган вазондор коюлду. Ал эми Чүй проспектиси түркүн-түстүү жарык берүүчү кажараттар менен кооздолду. Алардын өңүн шаар күнү жана Жеңиш майрамына карата ар кандай кылып өзгөртүп койсо болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Мэриянын алдындагы фонтан дюралайт менен кооздолду.
Дюралайт — бул жарык менен кайталангыс композиция жаратуучу каражат.