БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авиакырсыктан жабыркагандарга ачылган атайын эсепти кайтадан ишке киргизди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 16-январда таңкы саат 7:30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таадык жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Кырсыкты КМШнын мамлекеттер аралык авиациялык комитети иликтеп жатат. ӨКМ атайын эсепти кырсык болгон күнү ачып, 15-мартта жапкан. Ага 96 миллион 532 миң 26 сом чогулган.
Уюмдардын жана жарандардын өтүнүчү менен ӨКМ атайын эсепти кайтадан ачты. Кыска мөөнөттүн ичинде дагы 3 миллион 840 миң 584 сом түшкөн.
Ошентип атайын эсепке 100 миллион 342 миң 610 сом чогулду.