БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды
Ага ылайык, жолугушуу бүгүн, 28-мартта, болду.
"КТРК башчысы президентке өлкөнүн башкы телеканалынын коомдук берүү принциптерине ылайык андан ары өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Анда санариптик берүүгө өтүү мезгилинде контенттин сапатын жакшыртуу белгиленген", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, дарыгерлердин жардамы менен кайра калыбына келтирилген.
Карыпбеков ооруканадан 26-март күнү чыккан.