БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Тынч океанда жүргөн учурунда мемуар жазууга белсенип жатат. Бул тууралуу Washington Post басылмасы мурдагы президенттин таанышына таянып маалымдаган.
Басылмада жазылгандай, март айынын орто ченинде Обама Тынч океандын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Тетиароа аралына учуп барган. Бул жакта көпкө чейин калууну пландап, Ак үйдө жүргөн учурун эстеп мемуар жазууга ниеттенген.
Буга чейин New York Times гезити Penguin Random House аталышындагы басылма АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын жана анын аялы Мишелдин жазган мемураларын басып чыгарууга укук алган.