БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстан 20дан ашык мамлекет менен сооданы сом менен жүргүзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине "Кыргызстандын банктар союзу" юридикалык жак бирикмесинин башчысы Анвар Абдраев билдирди.
Бүгүнкү күнү Кыргызстан башка мамлекеттер менен эсептешүүлөрдү доллар менен жүргүзөт. Абдраевдин айтымында, буга чейин универсалдуу товар-сырье биржасы түзүлгөн. Анын башкы кеңсеси Астанада, Москвада филиалы бар болчу. Былтыр 500 миллион рублге келишим түзүлгөн. Жакында эле Финансы-банктык евразиялык кызматташуу ассоциациясы сөз болуп жаткан биржанын филиалын Кыргызстанда ачууну сунуштаган.
"Ассоциацияга ЕАЭБ мамлекеттерин кошкондо 20дан ашык мамлекет кирет. Сөз соода жүргүзүүдө эсептешүүлөрдү улуттук валюталарда — рубль, теңге жана сом менен жүргүзүү тууралуу сөз болуп жатат. Андыктан биз аталган мамлекеттер менен эсептешүүлөрдү сом менен жүргүзүп калабыз", — деди Абдраев.
Финансы-банктык евразиялык кызматташуу ассоциациясына Россия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Борбордук жана Чыгыш Европанын финансы-банк ассоциациялары жана Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Словения, Румыния, Россиянын банктары менен коммерциялык түзүмдөрү кирет.