Аба ырайына көз чаптырсак, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөрү кабарланды. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Майрамдарга бай май. Босогодо апрель. Анткен менен майрамдарга бай май айында канча күн эс аларыбызды алдын ала санап да жибердик. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар болжол менен 5 күн катары эс алышы күтүлүүдө.
Кара, кызыл, сары манты болорун уктуңуз беле? Бишкекте кечээ кайрымдуулуктун изи менен мекендештерибизге ар кандай түстөгү мантылар сунушталды.
Тоготуп койбойм дегендерби же… Электр кубатын жакканы үчүн төлөбөй жүргөн 15 миңге чукул абонент өчүрүлдү деп кабарланды. Эч кимге шек келтиргибиз жок, ошолор 30-40 миң, ал тургай андан ашык сумманы чапчыган карызы бар кудайын тааныбагандарбы же ар бир тыйынын санап күн көргөн пенсионер, жакырларбы?..
Кыргыздын тойлору кызык жагдайда да өтө баштады. Азыр адал той менен эч кимди таң кылтыра албайсың. Элдин жашоо-шартына, диний ишенимдерине жараша баш кошуу аземдеринин дагы форматтары өзгөрүп, мурда түшүбүзгө кирбеген көрүнүштөр адатка айланып баратат. Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкекте өткөн өзгөчө беш үлпөт тойду тизмектеди.
Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу) жана 68.77 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.
Соңку сөз ордуна. Көргөндөн көрө элегиң көп.
Жума күнүбүздү ийгилик коштоп, эс алуу күндөр бейгам өтүшүн каалап, Нургүл Максутова