БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Эртең Бишкек шаарында жалпы шаардык ишембилик өтөөрүн муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ишембилик мэриянын токтомуна ылайык, шаардын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана суу өтүүчү арыктарды тазалоо максатында уюштурулууда. Иш чарага мэрия кызматкерлеринен тышкары, шаар тургундары дагы тартылат.
Өзгөчө басым имараттарга жакын жерлердеги арыктарга, сейил бактарга жана скверлерге жасалат.
Мекемелердин тазалоочу аймактары райондук администрация тарабынан бөлүштүрүлөт.
Эске салсак, бул ишембилик 18-мартка белгиленип, ошол кезде кар кетпей койгонуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.