БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Юстиция министрлигинин кызматкерлери жаштардын укуктук сабаттуулугун жакшыртууга багытталган лекцияларын улантат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигинин кызматкерлери укуктук сабаттуулук боюнча акыркы тогуз ай аралыгында окуучулар менен студенттер үчүн 60 лекция өткөргөн. Иш-чаралар борбор калаада гана эмес, аймактарда да уюштурулган. Анда жаштар менен өспүрүмдөргө коррупцияга каршы туруу, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылуу жолдору тууралуу маалыматтар берилген.
Эми аталган саамалыктар окуу жылынын соңуна чейин дагы уланып, 20га жакын иш-чара өткөрүлөт.