БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Республика боюнча бала бакчага барган наристелердин саны 1,4 эсеге өскөнү 2013-2017-жылдарда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу программасынын алдын ала жыйынтыгында белгилүү болду.
Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелери 2015-2016-окуу жылы 2012-2013-окуу жылына салыштырмалуу 1,4 эсеге өскөн. Тагыраагы, 819 болсо ушу тапта 1 186 бала бакча иштейт.
"Бала бакчага барган наристелердин саны дагы ушул аралыкта 1,4 эсеге көбөйдү. Үч-төрт жыл мурун 115,8 миң бала барса, бүгүн мектепке чейин билим берүү мекемелеринде 161,4 миң бала тарбияланууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Жыйынтыгында ушул тапта Кыргызстанда мектеп курагына чейин наристелердин 19,9 пайызы менчик же мамлекеттик бала бакчаларга барары белгилүү болду.