БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл аймагында жер көчүп, дарыя суусун бөгөп калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
![Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл аймагында жер көчүп, дарыя суусун бөгөп калган Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл аймагында жер көчүп, дарыя суусун бөгөп калган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103277/28/1032772847_85:0:800:450_600x0_80_0_0_71e162263764abc4ff207cd0332aa57a.jpg)
![Табигый кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Жер 6-апрель күнү саат 21.30дар чамасында көчүп, көлөмү 750 000 куб метрге жеткен Табигый кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Жер 6-апрель күнү саат 21.30дар чамасында көчүп, көлөмү 750 000 куб метрге жеткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103282/70/1032827072_88:0:983:563_600x0_80_0_0_e830ec539d83c72c4d8d278573747e17.jpg)
![Дарыя тосулуп калгандыктан Кеңеш, Базар-Коргон, Бешик-Жон, Сейдикум, Сакалды, Арал айыл аймактарын суу каптоо коркунучу жаралып, анда жашаган 2584 үй-бүлөнү коопсуз жерге убактылуу көчүрүп чыгаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Дарыя тосулуп калгандыктан Кеңеш, Базар-Коргон, Бешик-Жон, Сейдикум, Сакалды, Арал айыл аймактарын суу каптоо коркунучу жаралып, анда жашаган 2584 үй-бүлөнү коопсуз жерге убактылуу көчүрүп чыгаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103277/29/1032772900_70:0:785:450_600x0_80_0_0_c55132d3bb861f0d7a22d7a0e15393e6.jpg)
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Жер 6-апрель күнү саат 21.30дар чамасында көчүп, көлөмү 750 000 куб метрге жеткен.
"Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тийиштүү адистер менен бирге 45 куткаруучу тартылган", — деп айтылат маалыматта.
Дарыя тосулуп калгандыктан Кеңеш, Базар-Коргон, Бешик-Жон, Сейдикум, Сакалды, Арал айыл аймактарын суу каптоо коркунучу жаралып, анда жашаган 2584 үй-бүлөнү коопсуз жерге убактылуу көчүрүп чыгаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.
"Жалпысынан 414 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлгөндөн киийн дарыянын нугу бир аз ачылып, калган элдин көчүрүү аракеттери токтотулган", — деп айтылат маалыматта.
Түнкү саат 3:15те өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана орун басары Равшан Рысбаев жер көчкү жүргөн жерге барып, жеринде кырсыктын кесепетин алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.