БАТКЕН, 8-апр. — Sputnik. Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта "Өрүк гүлү — 2017" фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
![Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта Өрүк гүлү — 2017 фестивалы өттү. Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта Өрүк гүлү — 2017 фестивалы өттү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103279/10/1032791068_26:0:789:480_600x0_80_0_0_cbc94272c2d90651950214a9d2e7a52e.jpg)
![Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен Өрүк гүлү — 2017 фестивалын өткөрүүнү чечкен. Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен Өрүк гүлү — 2017 фестивалын өткөрүүнү чечкен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103279/10/1032791062_0:0:762:480_600x0_80_0_0_5368b5d62400407e80518408304db061.jpg)
Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Өрүк гүлү — 2017" фестивалын өткөрүүнү чечкен. Фестивалга коңшу Тажикстандан да өкүлдөр чакырылган.
Маданий иш-чарага район аймагындагы бардык айыл өкмөттөр катышып, ар бир айыл аймак өрүк кошулган тамак-аштын түрүн конокторго көрсөтүштү.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Алишер Абдырахманов дүйнө жүзүндө өрүктөн 50дөй сорту болсо анын 20га жакыны Кыргызстанда өсөөрүн айтты.
"Өрүк гүлү — 2017" фестивалы Баткендин өрүгүн гана даңазалоо менен чектелбестен чек ара аймактардагы кошуна өлкөнүн эли менен достукту, ынтымакты бекемдөө максатын да көздөйт.