БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясынын алдына Чүй — Манас проспектисиндеги өтмөктө соода кылгандар бүгүн да митингге чыгышты. Бул тууралуу акциянын катышуучусу Болот Боев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Чогулгандар өтмөктөрдө апрель айынын ортосунда баштала турган оңдоо иштеринен кийин орундардын кыскарышына каршылыгын билдирип жатышат. Белгилей кетсек, митинг кечээ күнү да болгон.
![Борбор калаанын мэриясынын алдына Чүй — Манас проспектисиндеги өтмөктө соода кылгандар бүгүн да митингге чыгышты Борбор калаанын мэриясынын алдына Чүй — Манас проспектисиндеги өтмөктө соода кылгандар бүгүн да митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103282/56/1032825649_0:0:800:502_600x0_80_0_0_c979df0e0f8701c2984a9acd8017f63e.jpg)
![Чогулгандар өтмөктөрдө апрель айынын ортосунда баштала турган оңдоо иштеринен кийин орундардын кыскарышына каршылыгын билдирип жатышат. Белгилей кетсек, митинг кечээ күнү да болгон. Чогулгандар өтмөктөрдө апрель айынын ортосунда баштала турган оңдоо иштеринен кийин орундардын кыскарышына каршылыгын билдирип жатышат. Белгилей кетсек, митинг кечээ күнү да болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103282/55/1032825596_0:37:800:540_600x0_80_0_0_98856f8c70366ea94af5a08bef760288.jpg)
"Биз оңдоп-түзөө иштерине каршы эмеспиз. Мэрия билгенин жасай берсин. Болгону бизди жумушсуз калтырбасын", — деди Боев.
Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүровдун айтымында мэрия сатуучуларга башка орун караштырып жатат.
Эске сала кетсек, мэрия буга чейин түшүндүрүү ишин жүргүзүп, ремонт иштеринен соң соодагерлер ишин уланта берерин кабарлап келген.
Чүй — Манас проспектилериндеги жана Чүй — Абдрахманов көчөсүндөгү жер өтмөктөрүндө оңдоо иштерин баштоо 15-апрелге пландалып, ага шаардык бюджеттен 36,5 миллион сом бөлүнгөн.