БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанга жумушчу сапары менен Молдованын президенти Игорь Додон келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысын "Манас" аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Молдова президенти Игорь Додон Бишкекке 14-апрелде өтө турган Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Аталган мамелкетке байкоочу статусун берүү маселеси жыйындын күн тартибине коюлган.
Молдовадан тышкары Кыргызстанга Россия, Казакстан, Армения, Белоруссия башчыларынын келиши күтүлүп жатат.