00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Диктор Бекназарова: ажатканадагы баланын киндигин эч нерсени ойлонбой туруп кестим

© Sputnik / Жоомарт УраимовНТС телеканалында чыккан ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Наргиза Бекназарова маек учурунда
НТС телеканалында чыккан ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Наргиза Бекназарова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү каналдардын биринде жаңылыктар бөлүмүндө диктор болуп иштеген Наргиза Бекназарова жакында эле кичинекей ымыркайдын киндик энеси болуп, бир эненин өмүрүн сактап калды.

Наргиза НТС телеканалында чыккан ТВ Кайгуул берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеевдин келинчеги. Жубайынын үй шартында төрөлгөн ымыркайдын киндигин кесип, эки өмүрдү сактап калган жакшы ишин жолдошу жашыра албай Facebook баракчасына жарыялап, аялы менен сыймыктанарын айткан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева диктор менен баарлашып, анын киндик эне болушу жана үй-бүлөсү тууралуу маек курду.

— Наргиза, бул окуяга кандайча туш болуп калдыңыз? Же буга чейин төрөт кабыл алып көрдүңүз беле?

Ала-Тоо 24 маалымат телеканалынын директору Жылдыз Жумабекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жумабекова: сабайбыз дегенине карабай Саруудагы митингге барып алгам
— Жок, буга чейин мындай окуяга кабылмак тургай, күбөсү да болгон эмесмин. Үйдө болчумун, кыздарым сыртта ойноп жүрүшкөнүнөн карап коеюн деп сыртка чыгып баратсам колунда он айлык баласы бар келин чуркап келип "эже, эже" деп көзүн алайтып "үйдө кайын сиңдим бар эле, төрөп койду" деп калды. Барсак жаткырып коюптур, баласынын киндиги кесиле элек. Көрсө, биринчи баласы экен, дааратканага барса бала чыгып кетиптир. Эмне кыларымды билбей дароо Тез жардамга чалдым, алар мага киндикти кесе бер деп айтышып, кеңештерин беришти. Кайчыны медициналык спирт менен тазалап, киндигин бууп туруп кесип койдум.

— Корккон жоксузбу?

— Жок, корккон деле жокмун. Оюма дароо ымыркайды сактап калуу келди, экинчиден өзүм боюмда барда төрөткө даярданып интернеттен видеолорду көргөм.

— Сиздер баргыча бала эч нерсе болбоптурбу?

— Жок, мен киндигин кесип, энесинин үстүнө жаткырып коерум менен Тез жардам келип калды.

© Фото / Жоомарт УраимовДиктор Наргиза Бекназарова: баланын абалы жакшы экенин айтып энеси экөөнү ооруканага алып кетишти. Ал эми менин жасаганымды баалап, баарын туура кылыптырсыңар, ымыркайды өзүңөр эле багып албайсыңарбы деп тамашага салышты
Диктор телеканала НТС Наргиза Бекназарова - Sputnik Кыргызстан
Диктор Наргиза Бекназарова: баланын абалы жакшы экенин айтып энеси экөөнү ооруканага алып кетишти. Ал эми менин жасаганымды баалап, баарын туура кылыптырсыңар, ымыркайды өзүңөр эле багып албайсыңарбы деп тамашага салышты

— Алар эмне дешти?

— Баланын абалы жакшы экенин айтып энеси экөөнү ооруканага алып кетишти. Ал эми менин жасаганымды баалап, баарын туура кылыптырсыңар, ымыркайды өзүңөр эле багып албайсыңарбы деп тамашага салышты. Тиги кыз өзү жаш экен, анан биринчи төрөтү болсо, айына жетпей төрөлсө дагы бактылуу ымыракай экен (күлүп).

— Колуңузду майлап бериштиби?

— Байке-жеңелери абдан ыраазы болуп, ошол эле күнү кечинде үйүнө чакырып, ыраазычылыгын билдирип, белек-бечкектерин беришти.

— Өзүңүздүн канча балаңыз бар?

— Үч баланын энесимин. Эки кызым, бир уулум бар.

— Биз билгенден жолдошуңуздун жумушу өтө оор жана кооптуу. "ТВ Кайгуулдун" алып баруучусунун жубайы болуу андан да оор болсо керек? Анткени аны коркуткандар көп да…

Крушение малайзийского Boeing на Украине - Sputnik Кыргызстан
Бүчүрү сынган секелектер. Бөйрөгү ооруду деген кыз кош бойлуу болуп чыкты...
— Ооба, жумушу абдан кооптуу. Ар кандай адамдарды тартат, кимиси эмне кылып жиберет деп жүрөгүң түшөт. Мурда бул долбоор жаңы башталганда түнү менен уктабай чыкчумун. Балдарды уктатып коюп, оюм онго бөлүнүп күтүп отурчумун. Азыр кичине жүрөгүм тынч, мен да көндүм окшойт. Бирок баары бир эки-үч жолу чалып сурап турбасам, уктай албайм. Азыр деле башка тармакка өтчү деп айта берем.

— Сиз дагы өзүңүздү милиционердин аялындай элестетип кетесизби?

— Ооба (күлүп), тартип сакчыларынын жубайларын эми түшүнүп жатам. Аял киши баары бир сарсанаа боло берет экен.

— Жолдошуңуз үй жумуштарына жардам береби?

— Азият балдарга абдан жакын, баласаак. Көп убактысы жумушта, күндүз келип уктап, кечкисин жумушка кетет. Бирок убактысы табылса эле аларды балдары менен өткөргөнгө аракет кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0