Томсоруп нанга жетпей калган учурларды көз алдыбызга тартып, азыркы токчулуктун баасын айтып берди. Анан да стол кучактаган атактуу айымдардан балким, мээнети менен балдарын чоңойтуп, тарбиялаган аялдардын даражасы бийиктир деген сонун пикирин жазыптыр.
Нандын кадыры
Баягы баары тартыш замандагы нандын даамын сагынам. СССР ураган жылдары элдин турмушу огеле оор болуп кеткен. Акчанын кунары учуп, салмагы самандай жеңилдеп, наркы азайган эле. Андан да жаманы – ун, нан тартыш боло баштаган. Айылдагы дүкөнгө райборбордон болгону бир ирет нан алып келишээр эле. Жеткен жетти, жетпеген калды, нандын даамын татуу үмүтүндө кийинки күндү күтүүдөн башка айла жок. Кезерип кечке кезекте туруп, а бирок нанга жетпей кур кол кайткан күндөрүм болгон. Өзүм үчүн эмес, нан алып келет деп үйдө мени үмүт менен күткөн жакындарымды ойлоп ыйлагым келчү. Ал заман да өттү, бирок, ал замандын берген сабагы, таасири түбөлүк кала берди. Нандын кадырын түшүндүргөн тагдырыма ыраазымын. Азыркы күндөр менен салыштырып, Жаратканга чексиз шүгүрлөрдү айтам. Токчулук – жакшы жашоого себеп болсо, жокчулук — көбүнесе, жакшы адам болууга себеп…
Түтүн жана радио
Манас атанын кырк чоросун элестетип айылыбызды тегерете курчаган бийик-жапыз тоолорду, кыр-дөбөлөрдү эстеп кусамын. Азыркыдай жаз күндөрү Кудайдын куттуу күнү уй айдаганы, кой кайтарганы, байчечекей тергени же тек гана балдар менен ойногону ошол тоолорго чыкчубуз. Бийиктен айылды карап отуруу өзүнчө керемет эле. Баары алаканга салгандай көрүнүп, адамдар тиричилиги бүтпөгөн кумурскаларды элестетчү. Жазда дээрлик баары короолорун тазалап, акыр-чикирлерди өрттөйт эмеспи. Ар ар жерден чыгып, жайылып жаткан түтүндөр белестен укмуш кооз көрүнөт эле. Ошол жытты сагындым. Көрсө, алар бейпилдиктин түтүнү экен. Кудай замбиректин, мылтыктын жана бомбанын түтүнүнөн сактасын…
Айылым, сенин кучагыңда чексиз бактылуу болгом. Ошол бактыма Жараткан эсепсиз жакшылыктарын себеп кылыптыр. Алардын бири — кошунабыз Батма эже эле. Анын тынбай сүйлөгөнү кудум эле радиону элестетип, жашоонун барын да, шаңын да эске салып турчу. Ондон ашык баланы төрөп, чоңойтсо да, чарчаганды билбей, тили деле, колу деле тынбаган эпкинине эми таң берип жатам. Эмнеге үлгүлүү аялдар десе эле эчен жыл стол кучактап, тигил же бул кызматта иштеген атактуу айымдарды атап киребиз. Аларчалык атак күтпөсө да эч кимге ысык-суугун тийгизбей адал тамак менен ошончо баланы чоңойтуп, карапайым жашоосуна топук кылып бактылуу жашап өткөн Батма эжедей аялдардын даражасы, балким, алардан да бийик чыгар. Эми барсам радио токтогон, булбулдун үнү каткан. Бир кезде жашоого шаң берчү эженин үнү жымжырттыкка сиңип кеткендей… Ошол эпкинди, үндү кадимкидей жоктойм. Баса, азыр Батма эже да баягы айыл четиндеги короодо…
Кечир мени, кичи мекеним
Тору атымды сагынам. Тогуз же он жашымда катуу чаап бара жатсам, мөңкүдүбү же мүдүрүлгөнбү, айтор, мени жыгып кеткен….Көзүмдү ачсам үйдө жатам. Дарыгер мага үңүлө карап бирдемелерди айтып жатты. Калгандары капалуу да санаалуу анын оозун тиктешет. Апам ыйлап алган. Ошондо аман калганыма шүгүр. Азыркы менин тилегим — бир кезде мен үчүн кайгырып ыйлаган апам, мындан ары биздин себебибизден ар дайым кубанып, сыймыктанып, жадырап жүрө берсе экен. Апамдын күлкүсү – жашоомдун берекеси, куту. Апамдын жылмаюусу – айылым, кудум эле сенин ажарыңдай сулуу.
Айылым, сага мактанып айтчу ыймандай сырым бар: мени жыкса да тору атымды эч жек көрбөдүм. Андан бетер сүйүп, андан бетер асырадым… Бул менимче, кечиримдүүлүк. Кечиримдүүлүктүн берекеси менен чырмалган түйүндөр чечилип, чыңалган абалдар калыбына келип, бейпил жана бактылуу жашоо уланып келет. Тору аргымак мени жыккандай зыяным тийбесе да, кызматыңды татыктуу өтөй албай, кадырыңа жете албай келатканым үчүн Сен да мени кечир, кутман айылым!