БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. "Россия сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү деп Свердлов облусунун тургуну Полина Попова аныкталганы тууралуу конкурстун расмий сайтында жарыяланды.
![Россия сулуусу — 2017 сынагынын жеңүүчүсү деп Свердлов облусунун тургуну Полина Попова табылды Россия сулуусу — 2017 сынагынын жеңүүчүсү деп Свердлов облусунун тургуну Полина Попова табылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103292/07/1032920790_0:0:2681:1684_600x0_80_0_0_5943a11a769cf615c63feeb7d24d4a10.jpg)
![Оңдон солго: үчүнчү орунду ээлеген башкортостандык Альбина Ахтямова, Россия сулуусу — 2017 сынагынын жеңүүчүсү Полина Попова жана биринчи вице-мисс наамы москвалык Ксения Александрова Оңдон солго: үчүнчү орунду ээлеген башкортостандык Альбина Ахтямова, Россия сулуусу — 2017 сынагынын жеңүүчүсү Полина Попова жана биринчи вице-мисс наамы москвалык Ксения Александрова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103292/08/1032920846_0:0:2867:1802_600x0_80_0_0_08ae897d02dcaae7c607acd1eda5d940.jpg)
![Бул жеңиш Поповага эл аралык Дүйнө сулуусу жана Аалам сулуусу сынактарына жолдомо болуп берет. Бул жеңиш Поповага эл аралык Дүйнө сулуусу жана Аалам сулуусу сынактарына жолдомо болуп берет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103292/09/1032920901_0:0:3093:1943_600x0_80_0_0_967f56535af4104ee081bdab78ca17e7.jpg)
"Жеңүүчү наамына ээ болуп, баасы миллион доллар турган таажыны Полина Попова кийди", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле жеңүүчүгө үч миллион рубль менен толуктанган эсеп картасы жана унаа белек кылынды.
![Финал конкурса Мисс Россия 2017 Финал конкурса Мисс Россия 2017 - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103292/07/1032920735_0:0:1459:2048_600x0_80_0_0_b3d04592bfbff08b6ff4c9d4d2f619a8.jpg)
Бул жеңиш Паповага эл аралык "Дүйнө сулуусу" жана "Аалам сулуусу" сынактарына жолдомо болуп берет. Россия сулуусу моделдик бизнесте жүрүп, дүйнөнүн биртоп өлкөлөрүн кыдырып жүргөнүн анын Instagram баракчасынан эле байкаса болот.
Ал эми биринчи вице-мисс наамы москвалык Ксения Александровага ыйгарылды. Үчүнчү орунду башкортостандык Альбина Ахтямова алды.
Сыйлык катары бул сулуулар өлкөнүн каалаган жогорку окуу жайында билим алууга грант алышты.