https://sputnik.kg/20170421/siriyada-tutkundargy-olum-zhazasyna-tartuuga-katyshty-delgen-kishi-bishkekten-karmaldy-1033016635.html
Сирияда туткундарды өлүм жазасына тартууга катышты делген киши Бишкектен кармалды
Сирияда туткундарды өлүм жазасына тартууга катышты делген киши Бишкектен кармалды
Sputnik Кыргызстан
УКМКнын билдиришинче, кармалган жаран Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, туткунга алынгандарды тобу менен өлүм жазасына тартуу аракетине катышкан. 21.04.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-04-21T18:08+0600
2017-04-21T18:08+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102206/72/1022067279_0:187:2901:1819_1920x0_80_0_0_e0f3f736441e5f86bcf205123faf1198.jpg
сирия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102206/72/1022067279_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_c9f2ae2abac03f1f16845a15a4fd8f43.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, кыргызстан, жаңылыктар, сирия, укмк
окуялар, кыргызстан, жаңылыктар, сирия, укмк
Сирияда туткундарды өлүм жазасына тартууга катышты делген киши Бишкектен кармалды
18:08 21.04.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) УКМКнын билдиришинче, кармалган жаран Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, туткунга алынгандарды тобу менен өлүм жазасына тартуу аракетине катышкан.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Сирияда террорчулардын катарында жүрүп, туткундарды өлүм жазасына тартууга катышты делген киши Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү жаранды кармоо аракеттери 20-апрелде ишке ашкан. Ош облусунун 23 жаштагы тургуну эл аралык террордук уюмдун мүчөсү экени да айтылууда.
"Кармалган жаран 2013-жылы Сирияга барып, эл аралык террордук топтун катарына кошулуп, ал жактан туткунга алынгандарды тобу менен өлүм жазасына тартуу аракеттерине катышканы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК андан сырткары КМШ мамлекеттеринин аймагында Жеңиш майрамы учурунда теракты жасоого террорчулар тарабынан жиберилгендигин кошумчалады.
Кармалган жаран учурда камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайын киргизилип, кылмыш иши козголду.