БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде жайгашкан Ала-Арча жаратылыш паркында орнотулган фотокамералар сейрек кездешкен жаныбарларды тартып калган. Бул тууралуу Panthera Kyrgyzstan жаратылышты коргоо фондусунан билдиришти.
Анда жашыруун коюлган камерага Кызыл китепке кирген ак илбирс, аркар жана каман тартылып калган. Андан сырткары кекилик жана боз таркылдак өңдүү канаттуулар да түшкөн.
Ошондой эле апрель айында тартылган сүрөттөрдөн айрым жаныбарларды али кичинекей балдарын көрүүгө болот.
![Животные в национальном парке Ала-Арча Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103302/45/1033024553_0:0:1500:1125_600x0_80_0_0_9e285e363fcf03df49dba9533940ad86.jpg)
Бишкек шаарынын жака белиндеги Ала-Арча капчыгайында ак илбирс фотокапканга түшүп калган. Буга чейин көпчүлүк адистер аталган капчыгайда ак илбирс жашабай калгандыгын айтышкан.
![Животные в национальном парке Ала-Арча Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103302/45/1033024559_0:0:1448:1019_600x0_80_0_0_8662d443a8a3172d3231eb19e3efee72.jpg)
Жаз келип, каман төлдөдү. Чаарала торопойлор.
![Животные в национальном парке Ала-Арча Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103302/45/1033024565_0:0:1438:1059_600x0_80_0_0_c2dcbb8c2a16776cd7462240c325c1ac.jpg)
Каман. Бул жаныбар чөптөрдүн тамыры менен тамактанат
![Животные в национальном парке Ала-Арча Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103302/45/1033024547_0:0:1500:1125_600x0_80_0_0_7cb892ef36703ec37272aa45b7a05567.jpg)
Ала-Арча капчыгайындагы аркар
![Животные в национальном парке Ала-Арча Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103302/45/1033024571_0:0:1455:1063_600x0_80_0_0_7237f52f02aa8de6e6264d9fa87ab8b1.jpg)
Жем издеп чыккан кашкулак
![Животные в национальном парке Ала-Арча Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103302/45/1033024577_0:0:1427:979_600x0_80_0_0_ba4f0b7f25524ccf0e7004d660d3fa2f.jpg)
Кекилик — кыргоолдор тукумундагы илбээсин куш.
![Животные в национальном парке Ала-Арча Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103302/45/1033024583_0:0:1410:1049_600x0_80_0_0_fcbaa08f84920f3150d604c43a9be9aa.jpg)
Боз таркылдак. Бул куш дарактардагы курт, кумурскалар менен тамактанат.
![Животные в национальном парке Ала-Арча Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103302/45/1033024514_0:0:1500:1125_600x0_80_0_0_6a3aa9ae37a1d4ce5e2a5871383aac5b.jpg)
Аркар. Тоонун боорунда бул жаныбарлардай эч ким эркин жүрө албаса керек