БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Май айында кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Май айындагы дем алыш күндөр
![Май айындагы дем алыш күндөр Май айындагы дем алыш күндөр - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103305/68/1033056899_0:0:998:998_600x0_80_0_0_9caff9bdb17f1b6decb5b5f811b83f5f.png)
Май айындагы дем алыш күндөр
Билдирүүгө караганда, 5-майдан 9-майга чейинки аралык өлкөдө эс алуу күнү деп жарыяланды.
"Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Эмгек кодексинин 113-беренесине жана Баш мыйзамдын 10-17-беренелерине ылайык иш күндү жылдыруу токтомуна кол койду. Ага ылайык, дүйшөмбүгө туура келген 8-май 13-майга жылдырылып, натыйжада кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алмай болушту", — деп жазылат маалыматта.
5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленсе, 9-май Жеңиш майрамы майрамдалат. Мындан улам бул күндөр да эс алуу күн болуп саналат.