БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кытайдын Чэнду шаарындагы корукта панданын баласы кыздын төбөсүн тиштеп алды. Окуянын видеосу Haberturk гезитинин Twitter баракчасына жарыяланды.
Selfie'den hoşlanmayan sevimli panda 🐼 pic.twitter.com/KXdPxLxMS7
— Habertürk (@Haberturk) 24 апреля 2017 г.
Анда көрүнүп тургандай, панданын баласы дарактын жанына келип селфи кылам деген кыздын башын кармоого аракет кылып, тиштеп алган.
Жандык жардамга келген коруктун кызматкерине каршылык көрсөтпөй, тиштеп алган кыздын чачын акырын кое берген.