00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балдар чуңкурда окуйбу? Мектеби жок айыл элинин арманы

Жазылуу
Сокулук районунун Западное айылында мектепти курууга эки жыл мурда жарым миллион сом бөлүнгөн. Аталган курулуш 2015-2016-жылы "Жер-Үй" алтын кен компаниясынан каржыланмак. Бирок эки жылдан бери мектеп үчүн делген чуңкур казылган боюнча турат.

Быйыл мектеп ишке берилиши керек эле. Западное айылынын тургуну Зумрият Резаханованын айтымында, 2015-жылдын күз айында аларга Чүй облусунунун администрация өкүлдөрү, ал тургай губернатордон бери келип 2017-жылдын сентябрь айында балдар жаңы мектепте окуп каларын айтып кетишкен.

"Чуңкурду казып, капсуласын куюп, жаңылык жазып койгон боюнча жок. Бир нече жумадан кийин жумушчулар да майда-чүйдөсүн жыйыштырып алып кетип калышты. Балдарыбыз ысык-суукта үйдөн 5 чакырым алыстыкта жайгашкан мектептерге барып билим алышат. Дайыма эле маршрутка менен барып-келип окуганга каражаты жок болгондуктан, айрымдары окууну таштап коюшууда", — деди айыл тургуну.

Жергиликтүү тургундардын суроолоруна өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү толук жообун бере элек. Ал эми Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мунун себебин акчанын жоктугу менен байланыштырышты.

Мектепке бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курулушу бүтпөгөн мектептер, 8 чакырым жолду басып окуган окуучулар
"Былтыркы жылы курулушчулар мектеп салына турган жерди иреттеп даярдап, спорт залынын фундаментин кура баштаган. Билим берүү жайын тургузууга жалпы 36 миллион 700 миң сом керектелет. Мектепти куруу долбоору Чүй облусунун 2017-жылдык планына киргизилген, бирок аны өкмөт жана каржы министрилиги бекитиши керек. Эгер план бекитилсе эле курулуш иштерин баштайбыз", — деп жооп берди аталган башкармалыктын башчысы Абдылдабек Чыңгышев.

Учурда Западное айылынын башталгыч классынын окуучулары турак үйдө окуп жатышат. Бул имаратты 15 жыл мурун ата-энелер өз күчү менен тургузган. Учурда анын абалы да көңүл жылытаарлык эмес. Ал жакта 4 класста жалпы 56 окуучу билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0