БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Борбор калаада унаа сүзүп комада жаткан окуучу балдардын экинчиси эсине келе баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
Эскерте кетсек, 21-апрелде күндүз Бишкек шаарындагы Бакаев жана Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен эки окуучуну автоунаа коюп кеткен. Милициянын маалыматына ылайык, балдарды сүзгөн Mercedes Benz үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу из жашырып кеткени аныкталган.
Ал эми балдар оор абалда ооруканага жеткирилген.
"Комада жаткан экинчи бала эсине толук келе элек, бирок ал биздин сөздөрүбүздү угуп калды. Кичинеден колу-бутун кыймылдата баштады. Толук эсине келди, комадан чыкты деп айта албайбыз, бирок ден-соолугунда динамика бар. Буюрса абалы акырындык менен жакшырат деген үмүттөбүз", — деди дарыгер.
Ал эми дагы бир окуучунун учурда абалы жакшырып келе жатат.