БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында 25-26 градус жылуу болот.