БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Чоң-Алай районунда кечээтен бери улам-улам катталып жаткан жер титирөөдөн Шибээ айылындагы мектеп авариялык абалга кептелип окуу токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мектеп директору Сапарали Ботобаев билдирди.
![Чоң-Алай районунда кечээтен бери улам-улам катталып жаткан жер титирөөдөн Шибээ айылындагы мектеп авариялык абалга кептелип окуу токтотулду. Чоң-Алай районунда кечээтен бери улам-улам катталып жаткан жер титирөөдөн Шибээ айылындагы мектеп авариялык абалга кептелип окуу токтотулду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103322/13/1033221313_0:0:720:452_600x0_80_0_0_e691485425f8b138bd30ea238e11c8e7.jpg)
![Кечээ жер силкингенде окуучу, мугалимдер баарыбыз сыртка чуркап чыктык. Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20170504/1033220344/chon-alajdyn-shibe-ajylynda-zher-titirep-mektep-zhabyldy.html Кечээ жер силкингенде окуучу, мугалимдер баарыбыз сыртка чуркап чыктык. Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20170504/1033220344/chon-alajdyn-shibe-ajylynda-zher-titirep-mektep-zhabyldy.html - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103322/13/1033221307_0:84:1079:763_600x0_80_0_0_2187f135664dfa47f1dc676c527f89cc.jpg)
![Шибээ айылындагы Таштек уулу Гапар атындагы мектептин биринчи корпусу 1996-жылы, экинчи корпусу 2005-жылы ашар жолу менен курулган. Шибээ айылындагы Таштек уулу Гапар атындагы мектептин биринчи корпусу 1996-жылы, экинчи корпусу 2005-жылы ашар жолу менен курулган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103322/13/1033221301_0:131:1079:810_600x0_80_0_0_905dea3c5082193bb3d68ee685d2fdb5.jpg)
![Жалпысынан 259 окуучу билим алат. Жалпысынан 259 окуучу билим алат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103322/12/1033221295_0:122:1079:801_600x0_80_0_0_72c12d51542060497bd0aacc543bf526.jpg)
Анын айтымында, 3-май күнү жер силкинген учурда окуучулар мектептин ичинде болгон.
"Кечээ жер силкингенде окуучу, мугалимдер баарыбыз сыртка чуркап чыктык. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Буга чейин окуучуларга өзгөчө кырдаал боюнча сабактар өтүлчү. Дубалдардан чоң-чоң жаракалар пайда болгон. Мындан улам кайра окууну улантуудан кооптонуп, балдарды таратып, мектепти убактылуу жаап койдук. Азырынча бул маселе кандай чечилери белгисиз", — деди Ботобаев.
Белгилей кетсек, 3-майда КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык саат 10:47де Тажикстандын аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 7 баллга жеткен. Термелүү Кыргызстандын аймагында да 5 балл болуп сезилген.