https://sputnik.kg/20170504/ysyk-koldo-metrge-zhetken-kar-zhaap-zhol-kyrsygynan-bir-kishi-kaza-boldu-1033215178.html
Көлдө бир метрге жеткен кар жаап, малчыларга чөп алып бараткан киши каза болду
Көлдө бир метрге жеткен кар жаап, малчыларга чөп алып бараткан киши каза болду
Sputnik Кыргызстан
Кардын калыңдыгына байланыштуу кыштоодогу малдардын чөбү түгөнүп, 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Андан сырткары, беш жылкыны кар көчкү басып калган. 04.05.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-05-04T15:46+0600
2017-05-04T15:46+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103191/21/1031912142_0:197:1893:1262_1920x0_80_0_0_ae343034eab7d50518539f7a2e3b0a0f.jpg
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103191/21/1031912142_210:0:1893:1262_1920x0_80_0_0_e4b70839eb8721e491f6122495760be8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаңылыктар, ысык-көл
кыргызстан, коом, жаңылыктар, ысык-көл
Көлдө бир метрге жеткен кар жаап, малчыларга чөп алып бараткан киши каза болду
15:46 04.05.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кардын калыңдыгына байланыштуу кыштоодогу малдардын чөбү түгөнүп, 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Андан сырткары, беш жылкыны кар көчкү басып калган.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Боз-Учук айылдарына тиешелүү жайытка бир метрге чейин кар жааган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Анын кесепетинен Кайыңды жайлоосуна баруучу жолдо кар күрткүлөрү пайда болуп, кыштоодогу малчыларга чөп алып баруу кыйындаган. ГАЗ-66 унаасы менен чөп алып бараткан эки киши жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болуп, экинчиси оор жаракат алган. Каза болгон адамды райондук өлүкканасына, жабыркаган адамды ооруканага Тез жардам унаасы жеткирген.
Андан сырткары, кардын калыңдыгына байланыштуу кыштоодогу малдардын чөбү түгөнүп, 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Алдын ала алган маалыматтар боюнча тоодон кар көчкү түшүп, беш жылкыны басып калган.
3-майда райондук Жарандык коргонуу комиссия кар жааган аймакка абалды жеринен тактоо үчүн чыгып кетти. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.