00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:11
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жер көчкүдөн жабыркагандардын жоголгон документтери калыбына келтирилип жатат

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨзгөндүн Аюу айылында 24 киши жер көчкүнүн алдында калды
Өзгөндүн Аюу айылында 24 киши жер көчкүнүн алдында калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон айылда министрдин орун басары Лунара Мамытова эл менен жолугуп жүргөнү кабарланды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Аюу айылында жер көчкүдөн жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык болгон айылда министрдин орун басары Лунара Мамытова эл менен жолугуп жүргөнү кабарланды.

"Табигый кырсыктан дээрлик баарынын документтери жоголгон. Мындан улам азыр башка ведомстволор менен биргеликте жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Баары такталган соң мыйзамдын негизинде социалдык төлөмдөр берилет", — деп жазылат маалыматта.

Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: көчкү алдында калгандар "бүгүн түнү көчөбүз" деп тил кат жазып беришкен
Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган.

Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган. Калган 16 киши ошол жерде калтырылып, айланасы тосулуп, мазар болмокчу

Аюу айылы Өзгөндүн борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймакта 248 үй-бүлө, ал эми киши саны менен алганда 1800гө чукул адам жашачу.

Жаңылыктар түрмөгү
0