БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй менен Талас облустарындагы айрым аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү жаралышы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Ал эми Бишкекте 25, Ошто 22 градус жылуу болот.