БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди.
![Выпускники села Кара-Суу Кочкорского р-на строят дом для многодетной семьи Выпускники села Кара-Суу Кочкорского р-на строят дом для многодетной семьи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103331/97/1033319790_0:0:810:1080_600x0_80_0_0_94b6407c1f5a81eceaf572c8fe585a7a.jpg)
Ак өргөлүү болгон бүлөнүн кубанычына сөз жетпей турат. Ананчы, бул жигиттер бери дегенде сегиз кишинин сообуна калып отурат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жакшы ишти жасаган демилгечилер менен байланышты.
Кайрымдуулук кылуу идеясы аларга былтыр келип, 15и акча чыгарууга макулдугун берип, анан иш башталыптыр.
Жакшы ишке эмне себеп болгондугу туурасында демилгечилердин бири Кара-Суу айылынын тургуну, дыйканчылык менен алектенген Жоомарт Көкүмбаев айтып берди.
![Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103331/97/1033319796_0:62:1024:705_600x0_80_0_0_6c62d5d0c9be7a6d80df8f3e87132ef6.jpg)
![Кайрымдуулук кылуу идеясы аларга былтыр келип, 15и акча чыгарууга макулдугун берип, анан иш башталыптыр Кайрымдуулук кылуу идеясы аларга былтыр келип, 15и акча чыгарууга макулдугун берип, анан иш башталыптыр - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103331/97/1033319782_0:7:1024:650_600x0_80_0_0_37ec4c87e63693f9669b9a83dbb1c36e.jpg)
![Классташтар тамды 400 миң сомго тургузуптур. Классташтар тамды 400 миң сомго тургузуптур. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103331/97/1033319777_0:109:1023:752_600x0_80_0_0_d2e32fe2bad45a051be273d54b2305f3.jpg)
"20 жылдыгыбыздын урматына ашыкча ысырап кылып, шаан-шөкөттөнбөй эле батирден-батирге көчүп жүргөн үй-бүлөгө там тургузуп бердик. Анын беш баласы, колунда картайган энеси бар. Зээнибиз кейиди. Жолдошту мындан беш жыл мурда мас болгон бирөө койдуруп кетип, төшөккө жатып калган эле", — деди Көкүмбаев.
Бул жакшы кишилердин кадамы майыптыкка кабылган адамдын материалдык маселесин эле чечпестен, баспай, сүйлөбөй калган учурунда кадимкидей кайрат бериптир.
![Выпускники села Кара-Суу Кочкорского р-на строят дом для многодетной семьи Выпускники села Кара-Суу Кочкорского р-на строят дом для многодетной семьи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103331/98/1033319805_0:0:810:1080_600x0_80_0_0_0043a2ab6498e868ba752bd6fb104059.jpg)
"Мага ал жашоодон үмүт үзүп салгандай сезиле берчү. Басканы абдан начар эле, сүйлөй алчу эмес. Былтыр биз ага айтып, курулуш иштери башталган соң кадимкидей жанданып, жашоого умтулуп, сүйлөп да калды. Бул кайрымдуулукту биз Алланын атынан кылдык", — деп айтып берди ак пейил кишилердин бири болгон Жоомарт.
Классташтар тамды 400 миң сомго тургузуптур. Жоомарттын айтымында, бардыгы жөнөкөй эле жигиттер. Ону айылда турса, экөө Бишкекте жашап, бири "Жылуулук тармагы" ишканасында, экинчиси энергетика тармагында эмгектенет экен. Ал эми үч классташы Россияда кадимки эле мигранттардын катарын толуктаган кыргыз балдары болуп чыкты.