13-май күнү Ысык-Көлдүн жээгинде ар жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону өттү. Уюштуруучулар мелдешке эки миңден ашык адам катышканын билдиришти. Спорттук иш-чарага Россия, Казакстан, Япония өлкөлөрүнөн да спортчулар келген.
Марафон Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталып, катышуучулар Корумду айылын көздөй чуркап, кайра ат майданга кайтып келишкен.
Жарым марафондун (21 чакырым 97 метр) жеңүүчүлөрү болуп эркектер арасында Султан Айдар уулу (Кыргызстан) жана аялдар арасында Катерина Шатная (Казакстан) аталышты. Жеңүүчүлөр 1000 доллар акчалай сыйлык менен сыйланышкан.
Run the Silk Road эл аралык марафону алтынчы жолу уюштурулуп жатат. Былтыркы жылы спорттук иш-чарага 1800 адам катышкан. Мелдеш Кыргызстандан чыккан жалгыз марафончу, 1980-жылы Олимпиада оюндарында үчүнчү орунду багынткан Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган.
![Ар жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону 13-майда Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулат Ар жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону 13-майда Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/29/1033362992_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_2d4572b66a792f7a31c3fd4c7ec24acf.jpg)
![Мелдешке эки миңден ашык адам катышты Мелдешке эки миңден ашык адам катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/29/1033362998_0:0:1620:1080_600x0_80_0_1_56484b337863e3a8ddb753116439fd2c.jpg)
![Катышуучулар төрт дистанцияда: марафон (42,2 чакырым), жарым марафон (21,2 чакырым), ошондой эле 10 жана беш чакырымга чуркашты Катышуучулар төрт дистанцияда: марафон (42,2 чакырым), жарым марафон (21,2 чакырым), ошондой эле 10 жана беш чакырымга чуркашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363004_0:0:1620:1080_600x0_80_0_1_21cbf142280a59251b7e3419d64fa13f.jpg)
![Акактаган катышуучуларга жолдо турган ыктыярчылар суу берип турушту Акактаган катышуучуларга жолдо турган ыктыярчылар суу берип турушту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363011_0:0:1620:1080_600x0_80_0_1_de02e32f0e0bc9a8b6036d9d4b872497.jpg)
![Ири марафонго чейин Экиден деп аталган балдар мелдеши да өткөн Ири марафонго чейин Экиден деп аталган балдар мелдеши да өткөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363017_0:0:1620:1080_600x0_80_0_1_9070eb01d2a343ee5996282a118195be.jpg)
![Алдыда келе жаткан марафондун катышуучусун кайгуул унаасы коштоп баратат Алдыда келе жаткан марафондун катышуучусун кайгуул унаасы коштоп баратат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363023_0:0:1620:1080_600x0_80_0_1_de9d5f1b8bfb61b92c9078b0e9083d0a.jpg)
![Run the Silk Road марафонунун 2015-2016-жылкы жеңүүчүсү Аман Момуналиев Run the Silk Road марафонунун 2015-2016-жылкы жеңүүчүсү Аман Момуналиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363029_0:0:1620:1080_600x0_80_0_1_3157c21e0820dc5769233b45c7318386.jpg)
![Кыргызстандык Мария Коробицкая аялдар арасында биринчи келди Кыргызстандык Мария Коробицкая аялдар арасында биринчи келди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363035_0:0:1620:1080_600x0_80_0_1_78549d1aeb659a7858bd0caa8b277352.jpg)
![Көрүүчүлөр колдоруна туу көтөрүп чуркап келген катышуучуларды кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды Көрүүчүлөр колдоруна туу көтөрүп чуркап келген катышуучуларды кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363042_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_a7a13798b47a072f19a598e9c564f670.jpg)
![Мелдеш жыйынтыкталган соң Sputnik агенттиги марафондун айрым катышуучуларына белек тапшырды Мелдеш жыйынтыкталган соң Sputnik агенттиги марафондун айрым катышуучуларына белек тапшырды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363048_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_c4ce9dc531bb1929f781ae5d67842d07.jpg)
![2 саат 35 мүнөт 26 секунддун ичинде 42, 2 чакырымды багынткан кыргызстандык Илья Тяпкин мыкты марафончу аталды 2 саат 35 мүнөт 26 секунддун ичинде 42, 2 чакырымды багынткан кыргызстандык Илья Тяпкин мыкты марафончу аталды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363054_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_cf17e2b0665f5fb0b703fbc274ed3a24.jpg)
![Марафондун аялдар арасындагы жеңүүчүлөрү Марафондун аялдар арасындагы жеңүүчүлөрү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103336/30/1033363060_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_43140004251ccaa9cb9e3f3476271e52.jpg)