БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкектин "Жал" кичирайонунда 18-май күнү саат 9.00дөн тарта 18.00гө чейин суу токтотуларын Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Шерой" ЖЧКсы жаңы курулган үйлөргө суу киргизүү мактасында суу түтүктөрүндө курулуш-монтаж иштерин аткарууда. Ошол себептүү "Жал" кичирайонунда, тагыраагы Ахунбаев — Курчатов — Миңжылкиев — Тыналиев көчөлөрүнүн ортосундагы аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу "Бишкексууканалы" ишканасы төмөндөгү мекемелерге таза сууну запастап алууну сунуштайт:
- №72 мектеп гимназиясы
- №185 балдар бакчасы
- Кыргыз улуттук аскер лицейи
- "Онтарио" тиричилик кызмат көрсөтүү борбору
- №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалы
- "Народный" дүкөнү