БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Музейлердин эл аралык күнүн Кыргызстан да белгилеп келет. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттарды жарыялоону эп көрдү.
Кыргызстанда учурда 58 музей бар. Анда ар кайсы доорго жана маданияттарга таандык 250 миңден ашык экспонат бар. Алтын, күмүш, керамика, колодон жасалган баалуу тарыхый табылгаларды кездештирүүгө болот. Ошондой эле сейректиги менен айырмаланып, коопсуздук маселесинен улам музейге коюлбай келген табылгалар да жок эмес.
![Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103342/91/1033429144_0:115:2999:2000_600x0_80_0_0_56f27df79b1be0f9bd8177a7fdd5dc1f.jpg)
![Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103342/91/1033429137_0:115:2999:2000_600x0_80_0_0_f0a54043985cb98ab01c4ef94bf9a336.jpg)
![Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103342/91/1033429105_0:115:3000:2000_600x0_80_0_0_1bcb34c51493d1bed085823366b9c1fc.jpg)
![Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103342/90/1033429098_0:68:2486:1630_600x0_80_0_0_d658ae727c31e83377ae5271673008bc.jpg)
![Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103342/90/1033429090_0:1110:2047:2397_600x0_80_0_0_59c0c0b2c4760471da93df3f35155bd1.jpg)
Аталган зер буюмдар 1958-жылы Чүй облусунун Шамшы капчыгайында жер айдоо иштери учурунда табылган. Анда жер алдынан алтын, күмүш жана колодон жасалган IV-V кылымдарга таандык 150дөн ашык экспонат чыккан. Булар баасы кымбат экспонаттардын айрымдары гана.
![Экспонаты в Государственном историческом музее, которые не выставляют на всеобщее обозрение Экспонаты в Государственном историческом музее, которые не выставляют на всеобщее обозрение - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103342/90/1033429081_0:0:2000:2508_600x0_80_0_0_de4855e88e8cf56b7242bea6abc96bd3.jpg)
Шамшыдагы табылгандардын эң баалуусу катары алтындан жасалган бет капты атоого болот. Жука алтындан жасалган адам жүзүнүн формасындагы табылганын көздөрү түстүү таштар менен кооздолгон.
![Экспонаты в Государственном историческом музее, которые не выставляют на всеобщее обозрение Экспонаты в Государственном историческом музее, которые не выставляют на всеобщее обозрение - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103342/91/1033429150_0:0:3000:1995_600x0_80_0_0_b2d2919d02ab55dea55f328e6b9fc0aa.jpg)
Койдун башы менен мойнуна окшоштуруп жасалган кумара Жалал-Абад облусунан табылган. Экспонат III-V кылымдарга таандык.
![Экспонаты в Государственном историческом музее, которые не выставляют на всеобщее обозрение Экспонаты в Государственном историческом музее, которые не выставляют на всеобщее обозрение - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103342/91/1033429157_0:0:660:440_600x0_80_0_0_6d8f1316e79dbfca8869c9672cd0efac.jpg)
Талас облусунда табылган май чырак. Табылга X-XII кылымдарга таандык.