БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда Мамытов этностор аралык мамилелерди андан ары өркүндөтүү, өлкөнүн маданий мурасын жана этностук көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти камсыз кылууга багытталган Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде президент өлкөдө этностор аралык ынтымакты сактап, аны өнүктүрүүдө Кыргызстан элинин Ассамблеясына өзгөчө роль таандык экенин баса белгиледи.