БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы жер титирөөдөн үйлөрү жабыркаган жарандарга цемент жөнөтүлгөнүн ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-май күнү Кызыл-Кыя шаарынан 66 тонна цемент ӨКМдин атайын унаалары менен жөнөтүлгөн. Тургундар жеткирилген цементти заводдон чыккан баа менен сатып ала алышат.
Белгилей кетсек, Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн өкмөт атайын эсеп ачкан. Ал эсепке 19-майдагы маалымат боюнча Чоң-Алайга 3,4 миллион, Өзгөнгө 3,3 миллион сом каражат топтолгон.