БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Шал оорусунан жабыркаган балдарга коляска сатып алынарын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тендерге катышкан фирмалар шаршемби күнү коляскалардын үлгүлөрүн алып келип көрсөткөн. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоочу мекеменин директору Утан Жунушовдун айтымында, ата-энелерге кайсы коляска ыңгайлуу экенин сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген.
Коляскалар президент Алмазбек Атамбаев тарабынан бөлүнгөн 3 миллион сомго сатып алынат.