БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Быйыл орозо расмий түрдө 27-майда башталарын муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, асман бүркөө болгондуктан ай көрүнгөн эмес. Ошондуктан үстүбүздөгү Шаабан айын 30уна толуктап, 27-май, ишемби күнү Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыяланды.
"27-майдын таңында Бишкектиктер саат 03:16да ооз бекитсе, калган аймактагылар аймактык календарга карап бекитишет. Орозонун бүтүшү кийинки айдын жаңырышына жараша аныкталат", — деп муфтияттан билдиришти.